Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Краматорск шаарын аткылоодо жараат алган украин жазуучусу каза болду


Виктория Амелина
Виктория Амелина

Украин жазуучусу Виктория Амелина 27-июнда орус армиясынын Краматорск шаарына жасаган ракеталык чабуулунда алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу жекшембиде Украинанын ПЕН-клубу кабарлады.

Муну менен Краматорск калаасындагы аткылоодон курман болгондордун саны 13кө жетти.

Ракеталык сокку урулган маалда Амелина Колумбиядан келген делегация - саясатчы Серхио Жарамило, жазуучу Гектор Абад жана журналист Каталина Гомес менен Ria Lounge пицца-барында болгон. Баары жараат алышкан.

Виктория Амелина 37 жашта болчу, эки романдын жана балдар китебинин автору, украиналык жаш жазуучуларга ыйгарылуучу Йозеф Конрад-Коженевский атындагы сыйлыктын ээси.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, ал укук коргоочу Truth Hounds уюмуна кошулуп, орус армиясы басып алган, кийин бошотулган аймактардагы кылмыштарын иликтеген. Ал Украинанын чыгышында, түштүгүндө жана түндүгүндө иштеди.

Амелина акыркы кездери украиналык аялдар жана алардын согуштагы жашоосун баяндаган англис тилиндеги китебин жазып жаткан.

XS
SM
MD
LG