Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Тамак-ашын келемиш аралап жүргөн кафе жабылды


Бишкекте келемиш аралап жүргөн видеосу социалдык түйүндөргө тараган кафе бүгүн 3-июлдан тартып жабылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, "Рахат Лукум" кафеси санитардык талаптарды бузгандыктан, тамак-аш азыктарын келемиш аралап жүргөн окуядан улам жабылды.

“Коомдук саламаттык жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемеси тамак-аш жана тамактануу коопсуздугун камсыз кылыш үчүн коомдук тамактануу жайларын жаап турууга акысы бар экенин белгилеген борбор "Рахат Лукум" боюнча материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Самсы коюлган текчени бир нече келемиш аралап жүргөнү тартылган видео интернетте тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындай окуя бир нече жыл мурда Бишкектеги башка кафелердин биринде да болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG