Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

АКШда жол кырсыгында каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга 4-июлда жиберилет


АКШдагы трассалардын биринде тартылган сүрөт, жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду
АКШдагы трассалардын биринде тартылган сүрөт, жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, АКШда жол кырсыгында каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү шейшемби күнү, 4-июлда туугандарынын коштоосунда мекенине жиберилет.

Кыргызстандын Америкадагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу азыр маселени чечип жатканы кабарланды.

АКШда жүк ташуучу автоунаа (трак) айдаган 42 жаштагы жаран 1-июлда жол кырсыгына кабылып каза болгон.

Америкадагы кыргыздар ал Филадельфияда жүк ташуучу машине менен кагылышканын билдиришкен.

Сөөктү Кыргызстанга жеткирүү үчүн ал жактагы кыргызстандыктар каражат чогултуп жатканы маалымдалган.

Кийинчерээк ТИМ маселе көзөмөлдө деген кабар тараткан.

XS
SM
MD
LG