Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Евробиримдиктин лидерлери Украинаны туруктуу колдоону улантууну макулдашты


Шарль Мишель, Йенс Столтенберг жана Жозеп Боррел Брюсселдеги Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинде. 29-июнь, 2023-жыл
Шарль Мишель, Йенс Столтенберг жана Жозеп Боррел Брюсселдеги Евробиримдиктин лидерлеринин саммитинде. 29-июнь, 2023-жыл

Брюсселде 29-30-июнда өткөн саммиттин жыйынтыгында Евробиримдиктин лидерлери Украинага зарыл аскердик колдоо туруктуу уланарын билдиришти. Алар 11-12-июлда Литвада боло турган саммитте Украинага кошумча коопсуздук кепилдиктерди берүү жолдорун карай турганы айтылууда.

Саммитте НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиядагы "вагнерчилердин" козголоңу өлкөнүн ички системасындагы карама-каршылыкты көрсөткөнүн, бирок бул окуя Орусиянын ички иши экенин белгиледи.

Саммитте видеобайланыш аркылуу сүйлөгөн Украинанын президенти Владимир Зеленский "вагнерчилердин" козголоңу Орусиянын алсыздыгын далилдегенин, бул Москванын мыкаачылык аракеттерине каршы күрөштө Киевге жардам берерин айтты.

Зеленский Евробиримдикти Украинага кошумча аскердик жардам берүүгө жана НАТОго мүчөлүккө кабыл алууга чакырды.

Мындан тышкары жолугушуунун катышуучулары Орусия Украинанын аймагынан аскерлерин толугу менен тез арада кандайдыр бир шарт койбостон алып чыгып кетиши үчүн Кытайды Орусияга басым жасоого чакырышты.

Билдирүүдө Евробиримдиктин мамлекеттери Кытай менен эл аралык жана экономикалык кызматташтыкты уланта берери белгиленген. Ошондой эле документте Тайвань маселеси жана Кытайдагы адам укуктарын сактоо көйгөйү боюнча европалык лидерлердин тынчсыздануусу камтылган.

XS
SM
MD
LG