Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:50

Таш-Көмүрдө сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды


Нарын сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери. Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.
Нарын сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери. Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан жети жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 29-июнда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, баланын сөөгү бүгүн улантылган куткаруу иштеринин натыйжасында, сууга калкып чыгып калган жеринен табылды. Маалыматтарга караганда баланын сөөгү болжол менен ал түшүп кеткен жерде калкып чыгып калган.

Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган баланы издөө иштери 15-июндан бери жүрүп жаткан. Бала менен чогуу ойноп жаткан жеткинчектер ал Нарын дарыясына бутун малып отурган жеринен кулап кеткенин айтып беришкен.

27-июнда Ысык-Атада 12 жаштагы кыз, 28-июнда Кадамжайда сегиз жаштагы бала сууга агып каза болгонун ӨКМ кабарлады.

ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын, бул адам өмүрүнө, өзгөчө балдарга кооптуу экенин эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG