Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Эки бала сууга агып каза болду


Дайынсыз жоголгон жети жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.
Дайынсыз жоголгон жети жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

27-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүнөн өткөн Ак-Суу дарыясына сегиз жаштагы бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл чогуу издеп, жыйынтыгында баланын сөөгү табылган.

28-июнь күнү түштөн кийин Ысык-Ата районундагы Нижне-Серофимовка айылында 12 жаштагы кыз Нооруз каналына түшүп кеткен. Куткаруучулар көп өтпөй кыздын сөөгүн табышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) күндүн ысышы менен агын сууларда, көлмөлөрдө сууга чөгүп же агып мерт болгон адамдар, өзгөчө балдар көбөйүп жатканын маалымдоодо.

Өткөн жумада Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына жети жаштагы бала түшүп кеткени маалымдалып, издөө иштери натыйжа берген эмес.

Мурдараак Кеминде эки бала сууга агып, сөөктөрү табылган.

ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын, бул адам өмүрүнө, өзгөчө балдарга кооптуу экенин эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG