Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык кармоого тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү


Нарын облусунун аймагында кармалган торлор жана балыктар. 2017-жылдын 14-ноябры.
Нарын облусунун аймагында кармалган торлор жана балыктар. 2017-жылдын 14-ноябры.

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балыктын өндүрүштүк, баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатууга жана чыгарып кетүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

Айыл чарба министрлиги иштеп чыккан документтин долбоору коомдук талкууга коюлду. Тийиштүү документ көлдөрдөгү балыктын жок болуп бараткан түрлөрүн калыбына келтирүү максатында иштелип чыкты.

Тыюу салуу менен маселе чечилбестиги, ушул тармакты жөнгө салып, саясатын жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, кошумча каражат бөлүү зарылдыгы да айтылган.

Долбоордо тыюу салуу эрежелерин бузгандарга акчалай айып салуу жана түшкөн каражаттын 30% тиешелүү мамлекеттик органда калтыруу сунуш кылынган.

Соңку жылдарда Ысык-Көлгө, Соң-Көлгө, Токтогул суу сактагычына балык департаменти чабактарды коё бергени менен мыйзамсыз балык кармоо тыйыла элек.

14-июнда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары быйыл төрт айда Ысык-Көлдөн 96 миң метрге жакын тор жана алты тоннага чукул таштанды чыгарганын айткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык уулаган тордон тазалоо иштерин март айынан тарта баштаган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак. Ал 2001-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна кирген.

XS
SM
MD
LG