Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

УКМК "Мегакомдун" мурдагы жетекчиси кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 27-июнда “Мегакомдун” мурдагы директору Б.А.Т. кармалганын билдирди.

Бул инициал мекеменин мурдагы жетекчиси Азат Базаркуловдун ысымына туура келет.

Атайын кызматтын маалыматында “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы аныкталганы айтылат.

Андан тышкары мекемеге техника кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени жазылган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголгон.

Базаркулов УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана тергөө уланып жатканы расмий кабарланды. Ал жана анын адвокаттары, жакындары тараптан комментарий боло элек.

Азат Базаркулов буга чейин “Мегаком” компаниясына эки жолу, 2012-2018 жана 2021-2022-жылдар аралыгында директор болгон. Ал "Акнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG