Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты


Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.
Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди. Анда “Исаковдун денесине эч кандай зыян келген эмес” деп бүтүм чыгарылган.

Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, ушул аптада экспертизанын жыйынтыгына жараша чечим чыгат.

Ыдырыс Исаков экспертизадан ушундай эле жыйынтык күткөнүн, "Кыргызстанда алган жараатыңа карап гана жаза каралганын" белгиледи.

"Бизде сөз эркиндигин коргоо деген мыйзам деле болбосо керек. Эркин журналист менен мамлекеттик мекемеде же расмий катталган ЖМКда иштеген журналисттин укугу эки башка каралат окшойт", - деди Исаков.

Журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялаган.

Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу таратып, муну сөз эркиндигине сокку катары баалаган. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгилешкен.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушу тапта өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 453 миң катталуучу бар. (TAb)

XS
SM
MD
LG