Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Шакиев Токаев менен эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн көбөйтүү маселесин талкуулады


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев (солдо) жанаКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Астана. 26-июнь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев (солдо) жанаКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Астана. 26-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев 26-июнда Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Анда мамлекеттер аралык карым-катыш талкууланып, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери ортого салынды.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин айтты. Төрага ошондой эле экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүү планын жакынкы убакта ишке ашыруу планы тууралуу айтты.

"Биз жөн гана стратегиялык өнөктөш өлкө эмес, эзелетен эриш-аркак жашаган, боордош мамлекетпиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырып, кызматташтыгыбызды улантышыбыз керек", - деди спикер.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коңшулардын алакасы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди.

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстанга расмий сапары казак Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен барды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар учурунда депутаттар Казакстанда Сенаттын төрагасы менен жолугушту жана палатанын ишмердүүлүгү менен таанышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG