Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Кемпир-Абад иши: кийинки жараян 7-июлга белгиленди


Кемпир-Абад иши боюнча сот жабык өтүп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча сот жабык өтүп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар аяктады. Ошондой эле сотто адвокаттардын "отурумду ачык өткөрүү, тергөө сунуштап жаткан экспертиза жыйынтыктарын далил зат катары карабоо" тууралуу өтүнүчтөрү четке кагылды.

Кийинки жараян 7-июлга белгиленди. Ал күнү сот иштин мазмунун кароону баштайт. Кемпир-Абад ишин судья Марат Сыдыков жабык карап жатат.

Соттук алдын ала угуу 22-23-июнда башталып, 26-июнда уланды.

Бул иш сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта калды. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификация кылган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZhE/ZKo)

XS
SM
MD
LG