Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Австралия Украинага 74 миллион долларлык жардам берет


Энтони Албаниз, Австралиянын премьер-министри.
Энтони Албаниз, Австралиянын премьер-министри.

Канберра Украинага дагы 110 миллион австралия доллары (болжол менен 74 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө аскердик жардам берерин жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги Австралиянын премьер-министри Энтони Албанизге таянып билдирди.

Жаңы пакетте 70 техника, артиллериялык снаряддардын запастары бар. Мындан тышкары, Австралия Украинадан импорттолгон товарларга атайын алымдарды жоюу чечимин дагы 12 айга узартат.

"Бул кошумча колдоо Орусиянын мыйзамсыз, эч кандай себепсиз жана адамгерчиликсиз согушуна каршы улуу эрдик көрсөтүүнү улантып жаткан украин элине жардам берүүдө реалдуу натыйжаларга алып келет", - деди Албаниз.

Мындан тышкары Канберра Украинанын гуманитардык муктаждыктары үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна 10 миллион австралия долларын бөлөт.

Австралия Украинага колдоо көрсөтүп келаткан НАТОго кирбеген өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG