Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Салык кызматы кезектеги лотереясын ойното баштады


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Салык кызматы бүгүн 26-июнда кезектеги "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын ойното баштады. Мекеменин маалыматына караганда, байгелер 30-июнга чейин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында күнүнө бир маал онлайн ойнотулуп турат. Ал эми 1-июлда баш байгелер Ала-Тоо аянтында эл алдында ойнотулат.

Негизги максат – салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, соодагерлерде да, кардарларда да чек колдонуу маданиятын калыптандыруу, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү экени маалымдалган. Алгачкы эки лотерея былтыр ойнотулган.

Бул жолу лотереяга 233 миңдей адам катышууда. Алардын колунда 6 миллондон ашуун ID билет бар. Сатып алуу жөнүндөгү чектеги ар бир 1000 сом 1 билет деп эсептелип, ага өзүнчө ID номер берилген.

Лотереянын экинчи этабы 30-декабрда ойнотулат.

Байгеге быйыл жалпысынан 2376 баалуу белек коюлганы, арасында батирлер, автомашиналар бар экени кабарланган.

Муфтият Салык кызматынын чек лотереясы шариятка каршы келбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG