Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

1-класска кабыл алууга электрондук каттоонун экинчи этабы башталды


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстанда мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Ата-энелер жашаган дарегине карабай каалаган мектебине каттоого тургуза алышат. Жараян 31-августка чейин жүрөт.

Билим берүү министрлиги маалымдагандай, 1-класска кабыл алуунун баштапкы этабы 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, бул аралыкта мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин башталгыч класстарына 81 396 бала кабыл алынган.

Алардын ичинен аскер кызматкерлеринин, "кайрылман" макамы бар жарандар, мугалимдердин жана мектепте иштеген кызматкерлердин балдары жеңилдетилген тартипте 1-класска кабыл алынат.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмөнү онлайн тапшырууга да болот. Былтыркы 2022-2023-окуу жылында Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG