Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

NYT: АКШнын Чалгын кызматында Пригожиндин планы тууралуу алдын ала маалымат болгон


Американын Чалгын кызматы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин соңку пландары тууралуу алдын ала маалыматы бар болгонун жана аны жогорку аткаминерлерге кабарлаганын билдирди. Бул тууралуу The New York Times, Washington Post жана CNN атын атабаган булактарга таянып жазып чыгышты.

Washington Post басылмасы Чалгын кызматы Пригожиндин козголоң баштоо планын июнь айынын орто ченинде билген деп ырастайт. Билдирүүлөр олуттуу деп бааланган - америкалык талдоочулар Владимир Путин бийликти сактап каларынан күмөн санашкан, ошондой эле орусиялык өзөктүк арсеналдын тагдырына тынчсыздануусун билдиришкен. Ошол эле маалда Чалгын кызматында Пригожин планын качан ишке ашырары жана эмне кылары тууралуу так маалымат болгон эмес.

Булактардын маалыматына караганда, 21-22-июнь күндөрү чалгынчылар АКШ администрациясынын жогорку өкүлдөрүнө жана Конгресттин мүчөлөрүнө кырдаал тууралуу маалымат беришкен. CNN билдиргендей, чалгын кызматтары конгрессмендерге Украинанын оккупацияланган аймагында орус чек арасына жакын жерде "вагнерчилердин" топтолушу тууралуу эскерткен. Окуялардын абдан тез өнүгүшү АКШнын расмий өкүлдөрүн таң калтырды.

"Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин 23-июнда эртең менен Телеграм каналына маек берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган. Ал бир топ убактан бери армиянын жогорку жетекчилигин ачык эле сындап келаткан.

Ак үйдүн басма сөз кызматы ишемби күнү, 24-июнда эртең менен АКШнын президенти Жо Байден менен вице-президент Камала Харриске улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер Орусиядагы кырдаал боюнча маалымат берилгени тууралуу билдирүү таратты. Ак үйдөгү жолугушууга, АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен, Пентагондун башчысы Ллойд Остин, штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли, Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУнун) директору Уильям Бернс катышкан.

Президент Байден Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен телефон аркылуу Орусиядагы кырдаалды да талкуулаган. Бул өлкөлөрдүн лидерлери "Украинаны колдой турганын" ырасташкан. Ак үй мындан башка маалымат берген эмес. Жолугушуу Пригожин 24-июнь күнү кечинде Москвага кыймылын токтотуп, артка кайтканын жана жалданма аскерлери талаа лагерине кетерин жарыяланганга чейин болгон.

Politico басылмасы белгилегендей, АКШ администрациясынын өкүлдөрү Украинадагы согуштун уланышына бул козголоң аракетинин кандай кесепети болорун баалоого аракет кылып жатышат. АКШ менен Европанын расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө Орусиядагы тирешүүдө эки тарапты тең колдоонун кереги жок экенин, бирок жаңжал Украинага ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жаратары айтылган. Ошол эле учурда аталган басылма белгилегендей, АКШнын администрациясында бийлик үчүн күрөштө Владимир Путин мындан да катаал саясат жүргүзө башташы мүмкүн жана Орусиядагы ыктымал башаламандык анын өзөктүк арсеналынын коопсуздугуна шек келтирет деген кооптонуулар бар.

25-июнга карата "Вагнердин" жалданмаларынын кандайдыр бир аракеттери байкалган жок. Алар Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кетти. Пригожин 24-июндун кечинен тартып соңку кырдаалга эч кандай комментарий бере элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал Беларуска кетерин, "вагнерчилерди" куугунтуктоо болбой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG