Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ошто медиа-устаттын элесине арналган футбол турнири өттү


Ош шаарында медиа-устат Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол турнири болуп өттү. Ага "Т-Медиа", "Ынтымак", ЖТР, "АкиПресс", "Ош ТВ" жана "Ардагер" командалары катышты.

23-июнда болгон оюндун жыйынтыгында 1-орунду "Ынтымак" телеканалынын курама командасы, 2-орунду "АКИпресс-Ош", 3-орунду "Ош ТВ" командасы алды. Оюнду “Т-Медиа” телеканалы уюштурган.

Жеңүүчүлөргө "Т.Турсуналиев медиа мектеби" коомдук бирикмеси тарабынан акчалай сыйлык жана белектер тапшырылды. Турсуналиевдин элесине арналган футбол турнири сегиз жылдан бери өткөрүлүп келет.

Турсуналиев "Интерньюс-Кыргызстан" уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору кызматын аркалаган. Ош шаарындагы "Ынтымак" коомдук телерадиокомпаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири жана анын Байкоочу кеңешин жетектеп иштеген. Ал өз ишмердигинде кыргыз медиасында жана өлкөнүн түштүгүндөгү ондогон журналист жана операторлорго устаттык кылган. Таиржан Турсуналиев 2014-жылы 52 жашында дүйнөдөн өткөн.

2020-жылы "Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн "Таиржан Турсуналиевдин элесине" деп аталган атайын сыйлык уюштурган. (DSh)

XS
SM
MD
LG