Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Путин "Вагнердин" аракетин чыккынчылык деп атады


Владимир Путин кайрылуу жасап жаткан учуру. 24-июнь, 2023-жыл.
Владимир Путин кайрылуу жасап жаткан учуру. 24-июнь, 2023-жыл.

Евгений Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниянын жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик объектилерди басып алганы тууралуу маалыматтан кийин кайрылуу жасаган орус президенти Владимир Путин "өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасоого" убада берди.

Ал 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирди. Ал Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты.

Путин Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, абалды 1917-жылкы окуяга салыштырды жана "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алышат" деп убада кылды.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Жума күнү Пригожин өзүнүн Телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети мындан кийин “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.
  • 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.
  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдүн көбүнө комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG