Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

ТИМ кыргызстандыктарды орус-украин чек арасындагы аймактарга барбай турууга чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарга кайрылуу жасап, Орусиянын Украина менен чектеш аймактарындагы кырдаалдын курчушунан улам, ал жакка барбай турууга чакырды.

Кайрылууда бул аймактарда жашаган кыргызстандыктарды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого жана зарылчылык болсо Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышуу керектиги жазылган.

Орусиядагы элчиликтин ТИМ жарыялаган ыкчам телефон номурлары: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети мындан кийин “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG