Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

ЭлТР жетекчисинин Оштогу орун басары кызматынан кетти


Адыл Акжол уулу.
Адыл Акжол уулу.

ЭлТР мамлекеттик телеканалынын жетекчисинин Оштогу орун басары Адыл Акжол уулу кызматынан кетти.

Ал Фейсбуктагы баракчасына иштен өз каалоосу менен кеткени тууралуу арызды президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбековдун иш бөлмөсүндө жазып бергенин кабарлады.

"Өз ыктыярым менен кызматтан кетүү арызын Дайырбек Орунбековдун иш бөлмөсүндө жазып бердим. Ага Акылбек Жапаров кол койду. Кызматта эч бир адам түркүк эмес! Бүгүн бар, эртең жок! Адам бойдон калалы! Баарыбыздын бара турган жерибиз бир!", - деп жазды Адыл Акжол уулу.

Айрым маалыматтарда, ЭлТРдин жетекчисинин орун басарлыгына журналист Орозбек Шарабидин уулу келери айтылууда

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы азырынча комментарий бере элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын басма сөз кызматынан да маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

"Кабар" улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Медер Шерметалиев Адыл Акжол уулу агенттиктин түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп дайындалганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок Адыл Акжол уулу бул маалыматты ырастаган жок.


Адыл Акжол уулу ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басарлыгына 2022-жылы дайындалган.

Ал Оштогу таанымал блогерлердин бири. Анын YouTube каналында 700 миңден ашуун катталуучу бар. 2019-жылга чейин шаардагы ОшТВ телеканалында журналист болуп иштеген.(DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG