Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кемпир-Абад иши: абактагыларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары. "Азаттыктын" коллажы
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары. "Азаттыктын" коллажы

Кемпир-Абад иши боюнча соттук угууда адвокаттар айыпталгандарды үй камагына чыгарып, аларга өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө уруксат берүүнү өтүндү. Ушул тапта ишти карап жаткан сот М.Сыдыков өтүнүчтү кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти деп кабарлады кабарчыбыз.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча жараянды жабык карап жатат. Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала соттук угуу 22-июнда башталды.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн соң сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)

XS
SM
MD
LG