Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Сунушталган мыйзам баланы интернеттин терс таасиринен коргобой турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Балдарды интернеттеги терс таасирден коргоо үчүн деген жүйө менен иштелип чыккан мыйзам долбоору иш жүзүндө аларды коргой албайт. Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда “Азаттык” радиосуна “Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору өзү парламентте мыйзам бузуу менен каралды жана ал “балдарды коргоо” деген шылтоо менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркин иштөөсүнө тоскоолдук жаратышы, цензураны пайда кылышы ыктымал:

“Бир жагынан балдарга зыян келтирүүгө жол бербөө дегени менен, экинчи жагынан сөз эркиндигине, маалыматка жетүүгө коркунуч жаратат. Анткени, биздин оюбузча, бул мыйзам долбоорундагы аныктамаларды кызмат адамдары ЖМКнын ишин чектөө үчүн кыянаттык менен пайдаланышы ыктымал болот. Көпчүлүк “Ютубду” көрөт да, билесиздер. “Ютубду” бизде чектөө мүмкүн эмес, ал эми сайттарды тыйса болот".

Алагушев кайсы гана мыйзам долбоору болбосун, ал парламенттик угуудан өтүшү керектигин, экинчи жана үчүнчү окуулар ортосунда 10 күндөн кем эмес убакыт болушу зарыл экенин, бирок аталган долбоорду кароодо бул талаптар аткарылбаганын белгиледи.

“Медиа Полиси Институту” 22-июнда кыргыз коомчулугуна кайрылып, бул мыйзамды кабыл алууга каршы турууга, аны тийиштүү мекемелер жана уюмдар менен бирге дагы бир сыйра талкуулап чыгууга, президентти ага кол койбоого чакырууга үндөдү.

Уюмдун кайрылуусунда “Ооба, балдардын интернеттеги коопсуздугу реалдуу маселе, балдарды зыян маалыматтан коргоо керек. Бирок бул мыйзам долбоору балдардын коопсуздугуна эмес, чоңдордун цензурасына багытталган” деп айтылды.

22-июнда Жогорку Кеңеш Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыянды алдын алуу чаралары жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Анын автору, депутат Жамиля Исаева бала психикасы турукташа элек болгондуктан компьютер оюндарынын, уюлдук байланыштын, жарнаманын, өзгөчө интернеттин таасирине башкаларга караганда көбүрөөк кабыларын белгилеген. Депутаттын пикиринде, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникация тармагында баланын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечет. (RK)

XS
SM
MD
LG