Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Казакстанда журналист "экстремизмди каржылоого" шек саналып камалды


Казакстандык журналист Думан Мухаметкарим кезектеги камоодон кийин абактан чыгып келатат. Алматы облусу. 26-май, 2023-жыл.
Казакстандык журналист Думан Мухаметкарим кезектеги камоодон кийин абактан чыгып келатат. Алматы облусу. 26-май, 2023-жыл.

Казакстанда журналист Думан Мухаметкарим эки айга камалганын анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди. Баш коргоо чарасын сот 22-июнда, кечки саат 10до караган.

Быйыл журналист административдик айыптарга байланыштуу үч жолу камалып чыккан. 20-мартта парламенттик шайлоодон кийинки маалымат жыйында ал добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес жарандарды тынч митингге чыгууга чакырган. Бул үчүн эртеси күнү 25 суткага камалган.

Май айынын башында Алматы облустук соту Мухаметкаримди тынч митингдерди өткөрүү эрежесин бузганы үчүн 25 суткага камоо чечимин чыгарган. Ошол айдын соңунда саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү акциясына чыгууга чакырык жасаганы үчүн дагы 25 күнгө эркинен ажыратылган. Бул мөөнөт бүтөр замат ал 22-июнда «экстремизмди каржылоо» жана «сот тыюу салган экстремисттик уюмга катышуу» деген беренелердин алкагында шектүү катары кармалды. Адвокаттын айтымында, журналистти бозгундагы банкир Мухтар Аблязовго жардам берген деп шек санашууда.

Думан Мухаметкарим ND деген YouTube-каналы аркылуу бийликти сындап келген.

Соңку айларда Казакстанда президентти жана өкмөттү ачык сындаган ондогон активисттер куугунтукка кабылды. Укук коргоочулар баарынын саясий мүдөөсү бар экенин белгилешүүдө. Ал эми Акордо Казакстанда саясий туткундар бардыгын жана саясий негизде куугунтук жүрүп жатканын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG