Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды


Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка караганда, Түркиядагы элчи Израилдеги кызматын Анкарада туруп айкалыштырып иштейт.

Казакбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрель айына чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Кыргызстан менен Израилдин ортосунда дипломатиялык байланыш 1992-жылы түзүлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG