Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Мамлекеттик ипотекага катыша турган компания табылбай жатат


Бишкек шаарынын 11-кичирайонундагы жер тилкеге ылайыкталып жасалган эскиз.
Бишкек шаарынын 11-кичирайонундагы жер тилкеге ылайыкталып жасалган эскиз.

Бишкекте дээрлик он гектар жерге мамлекеттик ипотека программасы аркылуу кабат үйлөрдү курууга макул болгон курулуш компаниясы чыккан жок. Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан (МИК) “Азаттыкка” 22-июнда кабарлашкандай, долбоорго катышууга сунуш келип түшкөн эмес.

Сунуштар түшпөгөндүктөн МИКтин тийиштүү башкармалыгына курулуш компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасы берилгени, бул багытта иш жүрүп жатканы кабарланды.

Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда көп функционалдуу турак жай комплексин долбоорлоого жана курууга үчүнчү ирет инвестициялык сынак быйыл жыл башында жарыяланган. МИК аталган райондо дээрлик 9,64 гектар жерге ээлик кылары, ага кабат үйлөр курулары белгиленген. Каалоочу курулуш компаниясы сынакка катышып, өзү долбоорлоп жана өзү инвестиция салууга даяр болушу керек экени, ал курулуштун пайдубалынан баштап, батирдин ачкычына чейин жасай турганы айтылган.

Үйлөр пайдаланууга берилгенден кийин инвестор 40 миң метр квадраттан аз эмес батирлерди МИКтин менчигине өткөрүп бериши шарт. Андан ашканын жана коммерциялык объектилерди өзүнө алып кала алат.

Сынактын жеңүүчүсүн аныктай турган тендердик комиссиянын курамына Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын жана “Бишкекбашкыархитектуранын”, Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү жана МИКтин кызматкерлери кирген.

Аталган турак-жай комплексин куруу үчүн былтыр сентябрда жана декабрда да сынак жарыяланган. Ага кызыккан компаниялар сүйлөшүү үчүн келишкени менен расмий арыз беришкен эмес. Ошол себептен сынак үчүнчү ирет жарыяланган.

Сөз Бишкектин түштүк-чыгыш четиндеги мурда шаардыктардын гараждары жайгашып, кийин тазаланган, Совет мезгили учурунда казылып, ошо бойдон аң болуп турган жер тууралуу жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG