Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Зеленский контрчабуул жай жүрүп жатканын моюнуна алды


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-июнь, 2023-жыл. Киев.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-июнь, 2023-жыл. Киев.

Орус армиясы 22-июнга караган түнү Украинанын аймагындагы жарандык объектилерге жана инфратүзүмдөргө ракеталар жана дрондор менен сокку урууну улантты.

Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, Иранда чыгарылган алты учкучусуз аппарат атып түшүрүлгөн. Карапайым тургундар арасында жабыркагандар тууралуу кабарлана элек.

Аскерлердин айтымында, орус армиясы жалпысынан 44 ракеталык сокку урган.

Донецк, Днепропетровск, Херсон жана Харьков облустары да аткылоого дуушар болду. Харьковдо бир адам жараат алганын облус губернатору Олег Синегубов Телеграмга жазды.

Донецк облусунда айыгышкан салгылаш уланууда. Түштүктөгү Запорожье жана Херсон облустарында украин күчтөрү контрчабуулду улантып жатканы кабарланып, так маалымат берилген жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Би-Би-Сиге курган маегинде контрчабуул “каалагандан жай болуп жатканын” мойнуна алып, аны тездетүү үчүн Киев басым жасабай турганын кошумчалаган.

“Айрымдар муну Голливуд тасмасындай эле көрүп, дароо жыйынтык күтүшөт. Андай эмес. Картага адам өмүрлөрү коюлган”, - деди Зеленский.

Украин армиясы июнь айынын башынан бери жалпы сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG