Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
  • Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 болсо, күндүз 32…34 градуска ысыйт.

XS
SM
MD
LG