Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Штайнмайер Бишкекте санкцияларга байланыштуу маселе көтөрдү


Германиянын президенти Франк-Вальтер Шайнмайер (солдо) жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Шайнмайер (солдо) жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Бишкек. 22-июнь, 2023-жыл.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Евробиримдик Борбор Азия санкцияларды кыйгап өтүүчү жол болушун каалабай турганын айтты. Ал бул тууралуу 22-июнда Садыр Жапаров менен чогуу өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Бул маселени Казакстанда да көтөрдүк. Кыргызстандан да күтөрүбүз ошол. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган товарларды көзөмөлдөө оңой эмес. Бирок ЕАЭБдин тиешелүү мекемелери аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүдөн качуу мүмкүнчүлүктөрү табылат деген үмүтүбүз бар”, - деди Штайнмайер.

Штайнмайер ага чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров менен тар чөйрөдөгү жолугушууда сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү орус-украин согушу, анын Борбор Азия жана Европага тийгизген таасири туурасында болорун белгилеген.

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке 21-июнда келди. Ага чейин 20-июнда Казакстанда мамлекеттик сапар менен болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Штайнмайер Орусиянын Украинага каршы агрессиясы тууралуу ачык маселе көтөргөн.

2022-жылы орус аскерлери Украинага кол салган соң Европа Биримдигинин мүчөлөрү, АКШ, Улуу Британия, Австралия, Жапония баштаган өлкөлөр Орусияга санкцияларын кескин күчөткөн. Анын ичинде орус жергесине доллар жана евро банкнотторун түз ташып кирүүгө чектөө коюлуп, бир катар тармактардагы товарларды экспорттоого да тыюу салынган.

Бирок аскердик техникага керектүү тетиктер баштаган ар кандай товарлар Орусияга үчүнчү өлкөлөр аркылуу кирип жатканы айтылып келет. Буга байланыштуу Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөө керектигин, эреже сакталбаса кесепети болорун эскерткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG