Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Лондондо 60 өлкөнүн өкүлдөрү Украинаны калыбына келтирүүнү талкуулашты


Лондон.
Лондон.

Кошмо Штаттар Украинанын экономикасын колдоо үчүн кошумча 1,3 миллиард доллар жардам көрсөтө турганын мамлекеттик катчы Энтони Блинкен шаршембиде Лондондо өткөн эл аралык конференцияда билдирди.

France24 телеканалы конференцияга 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү согуш башталган бир жылдан ашуун убакытта кыйраган Украинанын экономикасын колдоого финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө убада беришти. Калыбына келтирүү үчүн Орусия төлөшү керек экенин эскертишти.

"Орусия Украинанын талкаланышына себепкер болуп калды. Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды акырында Орусия көтөрөт”, - деди шаршемби күнү Лондондо өткөн брифингде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Дүйнөлүк банк, Бириккен Улуттур Уюму, Европа Биримдиги жана Украина өкмөтү өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды эсептеп чыгышты. Бирок бул сумма согуштун уланышы менен кошо өсө берет.

БУУ Украинаны минадан тазалоо үчүн Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин уюштурулган жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу операциясына окшош масштабдуу аракеттер талап кылынарын билдирди.

"Украинанын аймагын тазалоо үчүн беш жыл бою жылына болжол менен 300 миллион доллар (274 миллион евро) талап кылынат", - деп билдирди БУУнун Миналарга каршы кызматынын (UNMAS) программасынын менежери Пол Хеслоп.

"Биз Украинада Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда Европадагыдай абалга акырында туш болушубуз керек. Анда миналанган талааларды тазалоо үчүн 15 жыл кеткен", - деди ал.

Конференцияга онлайн катышкан Украинанын президенти Владимир Зеленский согуштун айынан өлкө экономикасы 29% төмөндөгөнүн билдирген. Ал Украинага бир гана убадалар эмес, так аракеттер керек экенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG