Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Пакистан: Европага мигранттарды мыйзамсыз жиберген жети киши кармалды


Грекиянын Кос аралына деңиз аркылуу келген пакистандык мигранттар. 18-август, 2015-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Грекиянын Кос аралына деңиз аркылуу келген пакистандык мигранттар. 18-август, 2015-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистан бийлиги 21-июнда билдиргендей, адам аткезчилигине шектелген жети киши кармалды. Алар пакистандыктарды Европага мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүүгө шектелип жатканын полиция Associated Press агенттигине маалымдады.

Адам аткезчилиги менен алектенгендерди кармоо операциясын баштоого Грекиянын жээгинде мигранттар түшкөн кеменин чөгүп кетиши түрткү болду. Андагы 700дөн ашуун адамдын 500дөйүнүн дайыны чыкпай жатат. Арасында пакистандыктар да болгон. Алардын так саны белгисиз. 104 адам куткарылды, 80ден көбүнүн сөөгү табылды.

Пакистан бийлигинин маалыматына караганда, алардын ар бири аткезчилерге 5000ден 8000 долларга чейин төлөгөн.

Тирүү калгандар аларга кемеде тамак-аш бербей, талап кылгандарды уруп-сабашканын айтып беришкен.

Кырсык Грекиянын жээгинде 14-июнда болгон. Ливиядан Италияны көздөй сапар тарткан кеме адамдын көптүгүнөн чөгүп кеткени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG