Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Депутат Таштанбеков "Ысык-Ата" курортун улутташтырууну сунуштады


Акбөкөн Таштанбеков
Акбөкөн Таштанбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков "Ысык-Ата" курортун улутташтарып, ага инвестор тартууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 21-июнда парламентте "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссия маалымат берген учурда билдирди. Ал аталган курорт профсоюздун балансына өткөнү тууралуу тийиштүү документтер жок экенин белгиледи.

"Ысык-Ата" курорту кантип өткөнү тууралуу бир дагы кагаз жок. Негизи бул курорт 1892-жылы Александр IIIнүн буйругу менен салынды эле. Бул мүлк мамлекеттики, кошуундарга өтүп кеткени боюнча бир дагы далил жок. Ошондуктан "Ысык-Ата" курортун улутташтырып, мамлекет ошол жерге инвестор таап көтөрбөсөк болбойт. Барганда абалын көрдүңөр да, талкаланып калды. Ушундай кооз жерибиз, көргөндө жаның кейийт", - деди Таштанбеков.

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 2022-жылы 16-июнда түзүлгөн. Ошондон бери комиссия мүчөлөрү жер-жерлердеги кесиптик кошуундарга караган мекеме, жайларды кыдырышкан. Депутаттык комиссиянын төрагасы Шайлообек Атазов алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнбөй, мунун айынан коррупциялык схема түзүүгө ыңгайлуу шарттар пайда болгонун айтты.

"Түшкөн мүчөлүк акыны каалагандай пайдаланып, өздөрүнө эмгек акыларды 495 миң сомго чейин белгилеп, кымбат баалуу автоунааларды алышкан. Комитеттердин төрагалары чыгамдардын бардыгын профсоюздук мүчөлүк акынын эсебинен, катардагы жумушчу, мугалим, дарыгер жана тармактын кызматкерлердин эмгек акыларынын эсебинен жасашат. Ушундай көз карандысыздыктын натыйжасында кошуундардын түзүмүндөгү дээрлик бардык эс алуу жана саламаттык сактоо объектилери убагында оңдоп-түзөлбөстөн, имараты талкаланып калган", - деди Атазов.

Курамына сегиз эл өкүлү кирген убактылуу депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгында тишелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү, мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышы барларды аныктап, жоопко тартууну жана мыйзамсыз сатылган мүлктөрдү тийиштүү министрлик же президенттин иш башкармалыгына өткөрүүнү сунушташты.

1998-жылдагы кесиптик кошуундар тууралуу мыйзамга ылайык, профсоюзга тиешелүү мүлк сатылбашы керек. Бирок анын жери, мүлкү жеке жактарга сатылып, менчиктештирилип кеткен учурлар катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG