Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Жо Байден Кытайдын төрагасын диктатор деп атады


Кытай лидери Си Цзинпин менен АКШ президенти Жо Байден Индонезиянын Бали аралында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагындагы жолугушуусу маалында тартылган сүрөт. 14-ноябрь, 2022-жыл.
Кытай лидери Си Цзинпин менен АКШ президенти Жо Байден Индонезиянын Бали аралында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагындагы жолугушуусу маалында тартылган сүрөт. 14-ноябрь, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпинди диктатор деп атады. Бул тууралуу Байден 20-июнда Калифорнияда шайлоо өнөктөгүнө каражат чогултууга багытталган иш-чарада жыл башында атып түшүрүлгөн Кытайдын учуучу шары тууралуу айтып жатып билдирди.

«Мен эки вагон чалгын аппараты чиркелген аппаратты атып түшүргөндө, Си Цзинпин ал шар тууралуу билбегендиктен кыжыры келди. Диктаторлорго окуялардан кабарсыз болгону жакпайт», - деди АКШ президенти.

Байден бул сөздөрдү мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Кытайга жасаган сапары аяктаганда айтты. Блинкендин сапары соңку жылдары абдан начарлап кеткен эки тараптуу алакаларды жакшыртууга багытталган эле. Си Цзинпин менен жолуккандан кийинки маалымат жыйында мамлекеттик катчы Бээжин менен Вашингтон мамилени турукташтырууну макулдашканын, ошол эле учурда эки тарап ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар экенин билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин 21-июнда маалымат жыйында Байдендин сөзү Кытайдын саясий аброюна шек келтиргенин жана бул саясий провокацияга барабар экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын армиясынын F-22 учагы тыңчы деп мүнөздөлгөн кытайлык учуучу шарды 4-февралда Атлантика океанынын Түштүк Каролина штатына туштан жээгинде атып түшүргөн.

Америкалык расмий өкүлдөр бул шарды Кытайдын чалгындоочу аппараты деп мүнөздөгөн. Президент Жо Байдендин администрациясы жана Пентагондун өкүлдөрү Кытайдын АКШнын аба мейкиндигине мындай шар жөнөткөнүн “кабыл алынгыс” деп атаган.

Расмий Бээжин бул учуучу аппаратты аскердик эмес, жарандык максатта гана колдонулуучу, аба ырайына байкоо салуучу шар деп атап, ал кокустан гана багытын буруп кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG