Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” соту уланды


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 21-июнда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз каранды эмес “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда доогер тарап өзүнүн арызын толуктап, тактап жазып келгени белгилүү болду.

Ошол себептен жоопкер тарап өз жообун жана тийиштүү документтерин даярдоого убакыт сурады. Судья убакыт берип, кийинки отурумду 6-июлга белгиледи.

Доогер тарап моралдык зыян үчүн 10 миллион сом (медианын өзүнөн 7 миллион, журналисттен 3 миллион сом) талап калууда.

ЭлТР “ПолитКлиниканы” “ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу 20-февралда сотко берген. Телеканал арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген деп билдирген.

“ПолитКлиника” ЭлТРдин айыптоолорун четке кагып, материал ачык булактардан алынган маалыматтардын негизинде жасалганын билдирип, доону сөз эркиндигине басым деп баалап келет. Эки медианын иши сотто 18-апрелде карала баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG