Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Парламенттик комитет Ботаникалык бак боюнча токтом аткарылган жок деген бүтүмгө келди


Бишкектеги Ботаникалык бак.
Бишкектеги Ботаникалык бак.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттин Бишкектеги Ботаникалык бак боюнча токтому аткарылган жок деген бүтүмгө келди. Бул маселе комитеттин 20-июндагы отурумунда каралып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов токтом аткарылганы тууралуу маалымат берди:

“Ботаникалык бак академиялык макамдан айрылат экен, шаар мэриясы алып, курулуш болот экен деген реакция болду эле. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, ал жакка президент барып, жамааты менен сүйлөшүп, бак илимий институт катары калат деген чечим кабыл алынган. Каражат бөлүнүп, азыр курулуш-оңдоо иштери бир секцияда башталды. Тилекке каршы, жумушчу күч топтоп берели дедик эле, ал ишке аша элек. Бирок сиздер кабыл алган токтомго реакция көрүлүп, ал илимий институт катары бир чарчы метри да башка функцияга өткөрүлбөй тургандай кылып толук аткардык”.

Сөз болуп жаткан токтомун Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен былтыр 11-майда кабыл алган. Ал “КР Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” деп аталат.

Бүгүнкү отурумда депутат Эмил Жамгырчиев ал токтом аткарылган жок деген пикирин айтты:

“Бир да пункту аткарылган жок. 174 гектар жердин чарбалык иштерин бир гана адам камсыздап жатат. Быйылкы жылга бюджеттен 102 миллион сом каралган. Аны 23 миллионго түшүрүп койдуңар, анысы да бөлүнө элек. Ирригация жок болгондуктан бактарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Тазалыктын” машиналары менен сугарып жатат 21-кылымда. Өрт чыгып, зордуктоо, адам өлтүрүү, мушташ болуп жатат. Эмдигиче ошол жерге пункт ачып, милиция формачан бир эле кишини коюп койсоңор канча деген адамды өлүмдөн сактап калат элеңер”.

Натыйжада депутат Жамгырчиевдин сунушу менен комитет “Буга чейинки токтом аткарылбаганы үчүн чара көрүү, андан соң ошол токтомдо көрсөтүлгөндөрдү аткаруу” деген маанидеги чечим кабыл алды.

Былтыркы токтомдо Ботаникалык бактын жерин башка бирөөлөргө өткөрүп берүүгө тыюу салуу, кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү, ирригациясына акча бөлүп берүү, Башкы прокуратурага бактын жерлери башкаларга өтүп кетпесине көзөмөл жүргүзүү тапшырмалары берилген.

Милиция бактын аймагына видеобайкоо камераларын орнотууга убада бергени маалымдалган.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеменин директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” ошол жылдын 20-апрелинде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектардан ашуун. Анын 150 гектардайы Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектардын тегерегиндегиси Максим Горький көчөсүндө жайгашкан.(RK)

XS
SM
MD
LG