Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Өзбекстан октябрдан тарта Казакстан аркылуу орус газын ала баштайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстан 2023-жылдын 1-октябрынан Орусиядан газды суткасына тогуз миллион кубометрден сатып ала баштайт. Казакстан аркылуу келчү импорттун жылдык көлөмү болжол менен 2,8 миллиард куб метрди түзөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Былтыр 16-октябрда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер эки жылдык мөөнөткө газ жеткирүү келишимине кол коюшкан.

Мекеменин маалыматына караганда, келишим коммерциялык шарт менен түзүлгөн жана өлкөнүн жыл сайын көгүлтүр отко болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандырууга, күз-кыш мезгилинен өтүүгө багытталган аракеттердин бири.

Андан тышкары, 22 чакырым жаңы магистралдык газ түтүгүн куруу, 56 чакырым газ түтүгүн жана жабдууларды оңдоону камтыган жол картасына кол коюлду.

Ноябрдын аягында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда газ биримдигин түзүү сунушу тууралуу айткан. Андан соң министр Мирзамахмудов орус газын Казакстан аркылуу жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул альянс эмес, "техникалык келишим" болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG