Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Энтони Блинкен Бээжинде Си Цзинпин менен жолугушту


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 19-июнда Бээжинде жолугушту. "Америка добушу" радиосу кабарлагандай, сүйлөшүүлөр жарым саатка жакын созулуп, иш-чара Блинкендин Кытайга болгон эки күндүк сапарын жыйынтыктады. Мамлекеттик департамент жолугушуу болгонун тастыктады.

Кытай лидеринин АКШ өкүлү менен жолугушары акыркы мүнөттөргө чейин белгисиз болгон.

Энтони Блинкен Бээжинге 18-июнда эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга акыркы беш жылдагы биринчи сапары болду.

Блинкен менен Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган жолугуп, мамилелерди курчутпоо жана турукташтыруу ниетин билдиришкен.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Бээжиндеги сүйлөшүүлөр ачык жана конструктивдүү өткөнүн маалымдады.

Блинкендин Кытайга сапарынын максаты - Си Цзинпин менен Жо Байдендин жолугушуусуна даярдык көрүү. АКШнын президенти Жо Байден алдыдагы айларда Си менен жолугушууну пландап жатканын буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG