Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Кемпир-Абад иши: айыпталгандардын камактагы мөөнөтү узартылды


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын камактагы мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу камактагылардын бири Илгиз Шаменовдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды.

“Иш материалдар сотко өткөндө судья бир нече маселелерди чечет. Анын ичинде бөгөт чарасы дагы каралат. Кимде кандай бөгөт чара болсо, ошол убактылуу узартылат. Алдын ала соттук угуу белгиленген 22-23-июнда жактоочулардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралат”, - деди адвокат.

Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалды.

Кемпир-Абад иши дээрлик сегиз ай тергелди. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG