Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

КУУнун Жекшеналиевдин окуусун улантышына каршы арызы сотто карала баштады


Ырыс Жекшеналиев сотто.
Ырыс Жекшеналиев сотто.

Бишкек шаардык соту 19-июнда Кыргыз Улуттук университетинин юристтеринин блогер Ырыс Жекшеналиевдин окуусун улантышына каршы жазган арызын кароого киришти. Судьялардын бири жок болгондуктан, жараян 13-июлга жылды.

Бул тууралуу үй камагында отурган Жекшеналиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Блогер окуу жайдын сотко арыз бергени тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин айтып жатат.

"Ленин райондук сотунун чечими 14-апрелде күчүнө кирген. Мен чечимди 27-апрелде, дээрлик 45 күн өткөндөн кийин алгам. Ага чейин КУУнун өкүлдөрү менен жолугушуп, ошол жерде сүйлөшүлгөн сөзүбүз үтүр-чекитине чейин жазылып, акт түзүлгөн. "Мен ушул маселенин алкагында мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарга кайрылбайм" деп макулдук берсем, КУУ "Биз шаардык сотко арызданбайбыз, бул жылы сырттан окуй тур, кийинки жылы күндүзгү бөлүмгө киресиң" деп сөз берип, кол алышканбыз. Мен берген убадамда бек турдум. Бирок университет эки жүздүүлүккө барды", - деген Жекшеналиев сырттан окуусун улантып жатканын айтып, сөз болуп жаткан окуу жайдын өкүлдөрүн шаардык соттон арызын алууга чакырды.

"Азаттык" аталган университеттин юристтери менен байланышканда, алар апелляциялык арыз 5-апрелде, райондук соттун чечими күчүнө кире электе берилген деген жүйө келтиришти.

20 жаштагы студент, блогер Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Ал билим алган КУУнун Юридика факультети сабакты "себепсиз калтырды" деген негизменен аны окуудан чыгарууну чечкен. Жекшеналиев буга каршы сотко даттанып, мартта Ленин райондук соту анын арызын канааттандырган.

Блогер өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG