Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия төрт жолу чогулду


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн аптада төртүнчү ирет жыйынга чогулду. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси, депутат Динара Ашимова "Азаттыкка" билдиргендей, анда Башкы прокуратурадан алынган материалдар боюнча талкуу жүргөн.

“Комиссия иштеп жатат, төрт жолу чогулдук. Кылмыш иштери боюнча материалдарды алганбыз, таанышып жатабыз. Бирок анын мазмунун сиздерге ачык айта албайм, анткени бул кызматтык маалыматтар болгондуктан, аны ачыктабоо милдетин алганбыз".

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Сунуштаманы карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Анда түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.(JEg/ZKo)

XS
SM
MD
LG