Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Футбол: Эл аралык мелдеште Кыргызстан Иранга утулду


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин тайпалык баскычында Ирандын курамасына 5:1 эсебинде жеңилди. 16-июнда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн беттеште ирандык чабуулчу Мехди Тареми үч гол (бир гол пенальтиден), Сердар Азмун эки гол киргизди. Кыргызстандын голун чабуулчу Мирлан Мурзаев киргизди.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-июндан 16-июнга чейин Бишкекте жана Ташкентте өттү. А тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Оман жана Түркмөнстан ойноп жатат. Кыргызстан В тайпасында Ооганстан жана Ирандын командасы менен бөлүнгөн. Кыргызстан 10-июнда Ооганстанды утуп (3:0), тайпада 2-орунду ээледи. Ирандын курамасы эки оюнда жеңишке жетип, тайпада биринчи орунду алды.


А тайпасында 1-орунду Өзбекстан бара жатат. 2-орундун ээси 17-июнда кечинде боло турган оюндан кийин такталат. Эми 20-июнда 2-орунду ээлеген команда менен Кыргызстандын футболчулары Ташкент шаарында 3-орун үчүн ойнойт. Финалда Өзбекстан менен Ирандын курамалары беттешет.

CAFA NATIONS CUP-2023 - Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышууда. Эл аралык мелдеш быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. (ECh\GT)

XS
SM
MD
LG