Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Бишкекте "Түнкү жарыш" марафону өтөт


Ак илбирсти коргоого арналган марафондун катышуучулары. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ак илбирсти коргоого арналган марафондун катышуучулары. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

17-июнь күнү кечки саат алтыда жыл сайын өткөрүлүүчү "Түнкү жарыш" марафону өткөрүлөт. Марафон борбор калаада быйыл 5-ирет өткөрүлүүдө. Иш-чараны уюштуруучу "Nomad Sport" коомдук уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, жарышка катышуу ниетин 2 500 адам билдирип, алдын ала жазылган.

Марафондон түшкөн каражат эл аралык Кызыл чырым коомунун Байтик айылында жайгашкан хосписине берилмекчи.

Жарыш "Аю Грант" соода борборунан башталат. Жөө күлүктөр үч түрдүү дистанцияда - 5, 10, 21 чакырым аралыкка чуркашат.

Марафонго байланыштуу Бишкектин Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги коомдук транспорттун багытына өзгөртүү киргизилерин шаар мэриясы маалымдады. Ага ылайык, бул көчөлөр менен каттоочу №5 жана №7 троллейбустук каттамдар 17-июнда саат 18:00дөн баштап убактылуу иштебейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG