Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Орусия украин аймагына ракеталык сокку урууну улантты


Херсонго урулган орус аба соккусунан катуу жабыркаган имараттын жанында турган украин аскери. Украина. 15-июнь, 2023-жыл. AP Photo/Евгений Малолетка.
Херсонго урулган орус аба соккусунан катуу жабыркаган имараттын жанында турган украин аскери. Украина. 15-июнь, 2023-жыл. AP Photo/Евгений Малолетка.

Орус армиясы 16-июнга караган түнү ракета жана дрондор менен сокку урууну улантты. Бул тууралуу жуманын таңында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

"Тилекке каршы, карапайым тургундардын арасында набыт кеткендер жана жарадар болгондор бар. Кривой Рогдо, Днепропетровск облусундагы өндүрүш обьектилери, турак-жайлар, Херсон облусунда административдик инфратүзүмдөр жабыркады", - деп жазылат штаб тараткан маалыматта. Канча адамдын өмүрү кыйылып, жабыркаганы так белгиленген эмес.

Орус армиясына таандык 20дай дрон асмандан атып түшүрүлгөн. Андан тышкары, өлкө чыгышында айыгышкан кармаш уланууда. Украин армиясы билдиргендей, орус күчтөрү Донецк районунда украин аскерлеринин турумдарына сокку урууда.

Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 15-июндун кечинде украин мамлекеттик телеканалына курган маегинде: "Учурда ар кайсы багыттарда чабуул жана коргонуу операциялары бирдей жүрүп жатат",- деди.

Ал ошондой эле Орусия украин армиясына алдыга жылууга тоскоолдук жаратуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

Украина контрчабуулду баштаганын расмий жарыялаган эмес. Анткен менен соңку бир аптанын ичинде украин аскерлери жети калктуу конушту орус күчтөрүнөн бошотконун жар салышты. Муну башка көз карандысыз булактар да ырастады. Орусиянын бийлиги маалыматты төгүндөп, украин армиясы бир да багытта ийгиликке жетпегенин айтууда.

XS
SM
MD
LG