Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:45

“Бир дүйнө Кыргызстан” Азимжан Аскаров боюнча билдирүү таратты


Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы бүгүн 14-июнда 2010-жылдагы Июнь окуясы үчүн соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча билдирүү таратты. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткарып, Аскаровду актоо жана үй-бүлөсүнө татыктуу кенемте төлөп берүү керектиги белгиленди.

“Эл аралык жана укук коргоо уюмдарынын, мамлекет башчыларынын жана коомдук ишмерлердин Азимжан Аскаров мыйзамсыз соттолуп жатканы тууралуу көптөгөн өтүнүчтөрүнө карабастан Кыргызстандын бийлиги аны камактан бошотууну каалаган эмес жана муну менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимдерине көңүл бөлбөй келген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Туура 13 жыл мурда, 2010-жылдын 15-июнунда кармалган Аскаров 2020-жылы 25-июлда 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон.

Тергөө анын коогадагы күнөөсү далилденгенин, ал башаламандыкка, бийликке баш ийбөөгө чакырык жасаганын, адам өлүмүнө айыптуу экенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышкан. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG