Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Зордуктоонун жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Зордуктоого айыптууларды жоопко тартуу механизмин күчтөндүрүүгө багытталган мыйзам долбоору бүгүн 14-июнда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын авторлорунун бири, депутат Элвира Сурабалдиева көп учурда зөөкүрлөр же алардын жакындары жабыркаган тарапты коркутуп, милицияга жазган арызынан баш тартууга, формалдуу түрдө жарашууга мажбурлашат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору, депутаттын айтымында, кылмышкерди жоопко тартуу маселесинде жабыркаган тарапты жалгыз калтырбоого, иштин элдешүү деген себеп менен жабылып калышына жол бербөөгө багытталат. Ошол эле учурда, Сурабалдиева кошумчалагандай, "эгер тараптар элдешип алышса, кылмыш иши соттун чечими менен токтотулушу мүмкүн" деген норма бар:

“Зордукталып, кризистик борборлордо баш калкалап жаткан аялдар иштер сотко жетпей калып жатканын, себеби коркутуп-үркүтүү болорун, укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери арасында акча алып, ишти токтотуп койгондор бар экенин айтууда. Алар куугунтукка кабылганын айтып жатышат”.

Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Анын авторлору зордуктоого барган адамды күрөөгө бошотууга, ага пробациялык жаза колдонууга жана ишти мөөнөтү өтүп кеткен деп жаап коюуга жол ачкан нормаларды алып салууну сунуштап жатышат.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылгандардын көбү милицияга кайрылбоону туура көрөрүн, андыктан расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG