Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Кыргызстанда кан донору болууну каалагандар өтө аз экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кан донору болууну каалаган адамдардын саны талаптагыдан өтө аз экенин бүгүн 14-июнда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, донордук канга муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 кишиге кеминде 40 донор болушу шарт.

Ал эми Кыргызстанда, министрлик билдиргендей, 1000 кишиге болгону 5 донордой эле туура келүүдө.

Бүгүн 14-июнда Кан донорунун дүйнөлүк күнү "Кан, плазма тапшыр, жашоону бөлүш жана муну көбүрөөк жаса" деген ураан алдында белгиленип жатат.

Кан донорунун күнү жыл сайын 14-июнда – 1868-жылы төрөлгөн австриялык иммунолог дарыгер Карл Ландштейнердин туулган күнүндө белгиленет. Дарыгер адамдын канын топторго бөлүштүргөндүгү үчүн 1930-жылы Нобель сыйлыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG