Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Геосаясат: Борбор Азия дөшү менен барскандын ортосунда


Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны. Чолпон-Ата шаары. 2022-жылдын 20-июлу.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны. Чолпон-Ата шаары. 2022-жылдын 20-июлу.

Салттуу түрдө Кыргызстандын Орусия менен узактан келаткан кызматташтык мамилеси баарыга белгилүү. Бирок Орусия Украинага кол салгандан кийин дүйнөнүн көп мамлекеттери расмий Кремлге санкция салып, андан алыстоодо. Ушундай шартта пост-советтик чөлкөмдөгү мамлекеттер эки оттун ортосунда калып, тышкы саясатында бир катар кыйынчылыктарга учурап турган чак. Кыргызстандын тышкы саясаты азыр кандай багытта?

Батыш, Кытай жана Орусиянын ортосунда

Май, июнь айларында Борбор Азиянын президенттери чогуусу менен Орусиянын, Кытайдын жана Европа Биримдигинин жетекчилери менен ар түрдүү форматта жолугушту. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев дүйнөлүк ири державалар кагышып жаткан маалда Борбор Азия мамлекеттери этияттап өз багытын сактап калуунун амалын издеши зарыл, анткени алар “дөшү менен барскандын ортосунда" калгандай абалда турат деген пикирин ортого салды.

“Майда өлкөлөрдүн тагдыры ушундай экен – же эч кимге “сен” деп айта албайт, же “сөзүңдү угам же укпайм” деп айта албайт. Мына биз ушундай абалдабыз. “Дөшү менен балканын ортосунда” калган абалдабыз. Андыктан Борбор Азия мамлекеттери өтө абайлап, эч кимиси менен мамилени үзбөй, “Восток дело тонкое” демекчи, ошол Чыгыш дипломатиясы менен жашаш керек. Бирок ар ким менен эле дос болом дегенди да унутуш керек. Биз бир жагына, бир саясатка, бир өлкөгө ыкташыбыз керек. Өзгөчө биз кошуна мамлекеттерден эч жакка чыга албайбыз. Себеби коңшулар бир жакка көчүп кетпейт, биз да эч жакка кетпейбиз. Аларда акыбал кандай болсо, бизде да абал ошондой эле болот. Өзгөчө дагы бир маселе - эркин мамлекет болобуз, рынок экономикасын курабыз деп жатып бир жарым миллион элибиз тышта мигрант болуп жүрөт. Мына, быйыл мектепти бүтүп жаткан 80 миң окуучунун жыйырма миңи гана жогорку окуу жайларына өтөт, калгандары дагы тышка кетет, же ичте иши жок калат. Ушундай абалда турган өлкө баягы Швейцариядай нейтралдуу мамлекет болсок жакшы болмок. Тилекке каршы, баардык тарабынан баарына көз каранды болгондон кийин баары келип эле басым жасай берет экен”.

Борбор Азиянын президенттери жана Беларустун мамлекет башчысы алгач 9-май Владимир Путиндин чакыруусу менен Жеңиш майрамына катышкан. Украинага кол салгандан кийин дүйнөнүн күчтүү мамлекеттеринин санкциясына кабылып, тышкы саясатта чүнчүп турган Орусия үчүн Борбор Азия президенттеринин сапарын эксперттер ырасмий Москва салттуу турдө Борбор Азияда сактап келген таасирин кармап калуу аргасы катары баалашты.

Ошол эле майдын 18-19-майында Борбор Азия мамлекет башчылары “Кытай- Борбор Азия” саммитине катышты. Ал жыйында Кытай аймактагы мамлекеттер менен мамиленин “жаңы доору” башталганын жарыялаган.

Жыйындын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий Бээжин Борбор Азияга жалпысынан 26 млрд. юань же 4 млрд. доллар кайтарымсыз насыя бере турганын билдирди.

Мындан тышкары, чөлкөмдүн мамлекеттери менен түзүлгөн келишимдердин алкагында Кытай жалпысынан Борбор Азияга 50 млрд. доллар инвестиция салмакчы.

Ал эми 2-июнда Чолпон-Атада президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммити өттүп. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел катышты. Мишел жолугушууда “саммит оңой эмес мезгилде өтүп жатканын, Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча аймактагы мамлекеттердин позициясы ар кандай экенин билерин жана аны сыйлай турганын айткан”.

Ал эми Түркиядагы 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында утуп чыккан Режеп Тайып Эрдогандын кызматка киришүү аземине президент Садыр Жапаров катышып келүүгө да үлгүрдү.

Андан соң ушул эле июндун башында Кыргызстанга Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Хельга Мария Шмид, ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ келип кетишти.

Ошентип Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан бир айга жетпеген убакыт аралыгында тышкы саясатында ар түрдүү багыттагы дүйнөлүк ири державалар жана уюмдар менен байланышып, кызматташты.

Жалпысынан алганда Кыргызстан Орусия менен КМШ, Жамааттык коопсуздук кеңеши уюму, Кытай менен болсо Шанхай кызматташтык уюму, “Улуу Жибек жолу” доктринасы, ал эми Европа Биримдиги менен жалпы кызматташтык, БУУнун алкагындагы конвенциялар, Түркия менен Түрк мамлекеттери уюму аркылуу кызматташып, өз ара милдеттерди алып келатат.

Тышкы саясаттын негизги эрежеси

Кыргызстан өзү бирөөгө катылбастыгын, тышкы саясатты ишенимге жана достукка негиздеп жүргүзөрүн, бирок ошол эле маалда тыштан кол салуу болсо ага татыктуу жооп берүүгө күч жетерин президент Садыр Жапаров 13-июнда Коопсуздук кеңешинде билдирди:

“Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн мамлекет экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз башка бир өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды да койбогонбуз. Кандай гана чыр-чатак болбосун аны алдын алууга, же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып, өрттөнүп жатса биз андайга жөн гана байкоо салып олтура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ушул эле 13-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2021-2022-жылдардагы чек арадагы окуяларды эске алуу менен сунуш киргизип, тыштан кол салууну Аскер доктринасында атайын термин менен белгилөөнү сунуштады:

“Тышкы иштер министрлиги бул документ менен терең таанышып чыктык. Биз ойлойт элек – документке “агрессия, тышкы агрессия” түшүнүгүн сөзсүз түрдө киргизишибиз керек. Анткени өзүңүздөр билесиздер 2021-22-жылдарда биз бул көйгөйду көрдүк, ошондуктан биздин агрессияга каршы жасаган кыймл-аракетибиз дагы ушул доктринага камтылышы керек. Ошондуктан менин сунушум - “агрессия” тушүнүгүн доктринага киргизишибиз керек”.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөсү экени белгилүү. Ага карабай Орусия менен абадан биргелешип коргонуу системасы түзүлдү. Ага ылайык Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орусиянын күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштырыш үчүн ырасмий Бишкек Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө беш гектар жерди акысыз берет.

Тышкы саясат таануучусу Эдил Осмонбетов Орусия-Украина согушунун фонунда Кыргызстан үчүн тышкы багытын жакшылап жолго салып алууга ыңгайлуу шарт түзүлүп жатат дейт. Анын пикиринде, көп жылдан бери үзүлүп калган Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык боюнча келишимди кайра жандандыруу зарыл:

“Тышкы саясаттын негизги эрежеси бар, бул – улуттук кызыкчылыкты коргош керек. Ушул ыңгайдан алганда Америка Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги менен жакшы мамиле түзүп, стратегиялык багытка чыксак ошондо улуттук кызыкчылыкты колдоп, коргодук десек болот. Биздин коңшулар – Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан АКШ менен дагы, Европа Биримдиги менен дагы стратегиялык деңгээлде жакшы иштеп жатышат. Алар мамлекеттин экономикасына акча, жаңы технологияларды алып, жарандык коомуна да чоң-чоң каражаттарды тартып, өнүгүүдө. Алмазбек Атамбаевдин президенттиги тушунда АКШ менен келишим үзүлүп калган, ошону кайра калыбына келтирип, кызматташтыкты стратегиялык жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. АКШнын дүйнөдө таасири эбегейсиз, ал глобалдык деңгээлдеги держава. Ал мамлекет менен жакшы мамиледе болсок биздин бир катар ички, тышкы маселелерибиз, эгемендик, коопсуздук көйгөйлөрү өзүнөн өзү чечилет. Бир жагынан азыркы тапта Кыргызстан тышкы саясатын көп векторлуу багытта туура эле жүргүзүп жатат. Биз сөзсүз Кытай, Орусия менен, Европа Биримдиги менен сөзсүз кызматташыбыз керек. Ошол эле маалда тышкы саясатта чоң көйгөй бар – АКШ менен жогорку деңгээлде мамилебиз жок, анткени башкы келишимибиз жок. Ушул маселени чечиш керек, анткени 32 жыл ичинде АКШ Кыргызстанга өтө коп жардам берген. Жарандык коомду колдогон, экономиканы сүрөгөн, өкөгө оор учурларда гуманитардык жардамын аяган эмес”.

Саясатчылар аркылуу реакция

Ал арада июндун башында Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Миронов "Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары Орусиянын катарында согушка катышканы үчүн өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек, муну мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө көтөрүү керек" деген пикирин айткан.

Мамдуманын депутатынын интернетке тараган бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш башталганда эле чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Украинадагы согушка катышкан жаран 10 жылга абакка кесилген.

Расмий Бишкек реакция кылган жок. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берип, ЕАЭБ аскердик биримдик эмес экенин, Кыргызстан кандайдыр бир согушка катышкан жарандарды колдоого милдеттүү эмес экенин жазды.

2-июнда Чолпон-Атада өткөн "Европа Биримдиги - Борбор Азия" саммитинде президент Садыр Жапаров коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөп, Украинадагы кырдаалга токтолгон. Жапаров Кыргызстан кандай гана чыр-чатак болбосун сүйлөшүү жолу менен чечилишин, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоону колдой турганын айткан. Ал “дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат” деп билдирген.

Кыргызстан Украина боюнча нейтралдуу позициясын улам кайталап, жарыялап келет.

Көп узабай Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Кыргызстандагы мамлекеттик тил мыйзамына байланыштуу комментарий берип, “Москва Кыргызстандын бийлиги тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп үмүттөнүп жатканын" айтты.

Мунун алдында эле Кыргызстандын Жогорку Кеңеши мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана мекемелер менен уюмдардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө милдеттендирген мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган эле.

Эксперттер Москва тил маселесин саясий курал катары пайдаланып келатканын белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG