Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Нукус окуяларына байланыштуу соттолгон беш киши бошотулду


Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.
Каракалпакстандагы окуялар учурунда тартылган сүрөт. 1-июль, 2022-жыл, Нукус калаасы.

Өзбекстандын Жогорку Соту 12-июнда Нукус окуялары боюнча соттолгон 28 адамдын аппеляциялык арызын карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, бешөө шарттуу бошотулуп, 16 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды. Бошотулган беш кишиге кечки саат 22:00дөн таңкы 6га чейин үйдөн, жашаган аймактан чыгууга, тиешелүү органдар менен макулдашпай үй-жайын алмаштырууга тыюу салынат.

Нукус окуясы боюнча кесилген дагы жети кишинин биринчи инстанция чыгарган өкүмү өзгөртүүсүз калды. Алардын ичинде башкы айыпталуучу саналган Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан мурдагы чечим өзгөргөн жок.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, 243ү жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.

Буга чейин АКШ, Евробиримдик, БУУ жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин Каракалпакстандагы окуяларды ачык, ар тараптуу жана айкын иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG