Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

10-июндун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

"Кыргызгидромет" борбору билдиргендей, 10-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы 21…23°, күндүзгү температурасы 33…35° болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG