Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңсеси 45 күндүн ичинде ишин токтотот. Бул тууралуу финансы министри Ерулан Жамаубаев 7-июнда билдирди.
Анын айтымында, кеңсени жоюу менен үч миллиард теңгеге чейин (6,6 миллион доллар) мамлекеттик каражат үнөмдөлүп, башка максаттарга жумшалат.
Бир жума мурун казак Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодексинен Назарбаевди мазактоо үчүн жаза каралган беренени алып салууну парламентке сунуштаган. Беренеде биринчи президенттин ар-намысына шек келтирүү үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Президент Касым-Жомарт Токаев былтыркы Январь окуяларынан кийин кошуна өлкөнү дээрлик отуз жыл башкарган Назарбаевдин таасирин азайтуу багытында бир катар кадамдарды жасады.
Мурдагы президент кеңири ыйгарым укуктарын сактап, 2019-жылы кызматтан кеткенден кийин Коопсуздук Кеңешин жетектеп, “элбашы” титулуна ээ болгон. Кийин Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгында аны Токаев алмаштырган.
Быйыл Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кепилдиктерди камсыздаган “Биринчи президент – Элбашы жөнүндөгү” мыйзам жокко чыгарылды. Бирок президент жөнүндө мыйзамга ылайык, Назарбаевдин соттук куугунтуктоодон иммунитети сакталган.
Кандуу январь окуяларынан кийин тунгуч президент эл алдына сейрек чыгып калды. Акцияларда Назарбаевдин, анын үй-бүлөсүнө жана айланасындагылардын байышына шарт түзгөн коррупцияга жана тууганчылыкка каршы да ураандар жаңырган.
Демонстрациялар башаламандыкка алып келип, Токаев "эскертүүсүз ок атууга" буйрук берген. Кан төгүүдө расмий маалыматтар боюнча 238 адам каза болгон.
Экс-президенттин бир нече жакындары жана өнөктөштөрү ээлеген кызматтарынан алынып, айрымдары "мамлекеттик мүлктү кымырып алуу" боюнча айыпталып соттолгон, дагы бир нечесинин үстүнөн тергөө уланууда.