Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качкан адам кармалганын билдирди


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, бир катар оор кылмыштарга шектүү, Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Кушубек Сабыров кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы шектүү 6-июнь күнү Бишкек шаарынан кармалганын тактады.

29 жаштагы Кушубек Сабыров 5-июнга караган түнү Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен.

Милиция маалыматында, кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып, нөөмөтчү кызматкерге кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Сабыров жүрөгү ооруганын айтып дары сурап, дары алып келген милиция кызматкерине бычак такаганы, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткени айтылган.

Бул окуяга байланыштуу 6-июнда Башкы прокуратура Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерин кармаганы кабарланды. Ысык-Ата районунун прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кармалган милиция кызматкерлеринин адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG