Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Кой-Таштагы аскер бөлүгүнүн кызматкери октон жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирди. Окуя 6-июнда болгон.

Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, ушул тапта абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Кыргызстандын армиясында буга чейин да аскерлер өзүнө ок атып алган окуялар болгон. Тиешелүү мекеме муну адатта этиятсыздык катары түшүндүрөт.

Жараат алгандардын айрымдары каза тапкан учурлар бар. Алардын жакындары муну армиядагы “чоңсунуу” жана зордук-зомбулукка байланыштырышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG